Быйылкы окуу жылын 1-сентябрда баштоо маселеси каралып жатат

13-июнь, 2022-ж. / Редакция / Коом 32

Быйылкы окуу жылын 1-сентябрда баштоо маселеси каралып жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

«Ата-энелер жана мугалимдер окуу жылынын жылдырылышы окуучулардын жетишкендиктеринин төмөндөшүнө, сабакка келбеген балдардын санынын көбөйүшүнө таасирин тийгизгенин айтып даттанышкан. Буга байланыштуу министрлик 2022-2023-окуу жылын 1-сентябрга жылдыруу маселесин карап жатат«, — деп билдиришти мекемеден.

Эске салсак, былтыр окуу жылы 15-сентябрда башталып, 9-июнда аяктаган.

13-июнь, 2022-ж. / Редакция / Коом 32
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X