Чүйдө электр тармагынын кызматкери 50 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды

9-март, 2022-ж. / Редакция / Кылмыш 52

Чүйдө электр тармагынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

Чүй облусундагы Панфилов райондук электр тармагынын ага инспектору пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 7-март күнү, УКМК тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаранын алкагында, Панфилов районунун аймагында РЭТтин ага инспектору К.Ж.К. 50 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалган.

Буга чейин Панфилов районунун аймагындагы жеке жана юридикалык жактарга Панфилов РЭТинин кызматкерлери «Түндүк электр» ААКнын кызматкерлери менен биргеликте электр энергиясын эсептегичсиз пайдалануу (тармактардагы электр энергиясын уурдоо) боюнча текшерүү иштерин жүргүзүшкөн. Анын натыйжасында электр энергиясын пайдалануу боюнча аныкталган мыйзам бузуу фактысын жашыруу үчүн РЭТтин жооптуу кызматкерлери Н.К. аттуу жарандан 97 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылышкан.

Бул факты Жазык кодексинин «Опузалап пара алуу» фактысы боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, ага карата тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

9-март, 2022-ж. / Редакция / Кылмыш 52

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X