Чүйдө жөө өтмөктөн өтүп бараткан кызды сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды — ФОТО, ВИДЕО

30-апрель, 2022-ж. / Редакция / Кырсык 36

Чүйдө Москва районунун Петровка айылында 29-апрель күнү саат 21:00дө BMW үлгүсүндөгү унаа жол чырактагы жөө өтмөктөн өтүп бараткан кызды сүзүп, качып кеткен. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдирет.

Жол кырсыгынан 23 жаштагы Д.Г. аттуу кыз оор абалда аймактык оорукананын реанимация бөлүмүнө жеткирилген.

Аталган факты боюнча ыкчам издөө иш-чарасы жүргүзүлүп, BMW үлгүсүндөгү унаанын 20 жаштагы А.З. аттуу айдоочусу кармалып, тергөө кызматына өткөрүлдү.

30-апрель, 2022-ж. / Редакция / Кырсык 36
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X