Чагымчыл маалыматтарды тараткандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат

14-апрель, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 40

КР Ички иштер министрлиги жарандарга кайрылуу жасады. Анда социалдык тармактарда тарап жаткан чагымчыл материалдарга ишенбөөнү сунуштап, туруксуздаштыруу максатында жазылган материалдарды тараткандар мыйзам чегинде  кылмыш жоопкерчилигине тартыла тургандыгын эскертти.

Башка мамлекеттер менен болгон чыр-чатактарга байланышкан маалыматтарды каалагандай бурмалап жана алардын жарандарын мазактаган ар кандай видео-фотоматериалдарды тараткандан алыс болууну сунушталат. Анткени бул аракеттер моралдык этикага туура келбейт.

ИИМ жана анын бөлүктөрү мындай чагымчыл материалдарды тараткандарды аныктоо боюнча чараларды көрүп жатат.

Белгисиз бирөөлөр тарабынан чагымчыл билдирүүлөрдүн таратылып жатышын ИИМ жасалма жол менен абалды курчутуп, коомчулукту дүрбөлөңгө салуу аракети катары баалайт.

Учурда өлкөдө жана чек арага чектешкен аймакта коомдук-саясий абал туруктуу, тынчсызданууга жана кооптонууга негиз жок. Күч органдары коомдук тартипти камсыз кылуу жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча иштерди жүргүзүп жатат.

Аймактар жана улуттар аралык кастыкты козутууну көздөгөн жарандар КР Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси («Расалык, этникалык, улуттук, диний же аймактык кастыкты козутуу») боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.

Эгерде мындай фактыга туш келип калсаңыз 102 номери аркылуу милицияга кабар берсеңиз болот.

ИИМ мыйзам бузууларга, чагымчылдык жасоого аракеттенүүгө, коомдук тартипти бузууга байланышкан жагдайлар ачыкталса, мыйзам чегинде чаралар көрүлө тургандыгын дагы бир ирет эскертет.

14-апрель, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 40
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X