Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда турак жайлары өрттөлүп, талкаланган мекендештерге75 мобилдүү көчмө үй жана чатырлар орнотулду.
«Кызыл Ай» коому тарабынан Баткен районунун Ак-Татыр айылына 16 көчмө үй, 8 чатыр, Ак-Сай айылына 8 көчмө үй, 8 чатыр, Достук айылына 10 чатыр, Баткен аймактык башкармалыгы тарабынан Лейлек районунун Максат айылына 25 чатыр тигилди.
Чек арадагы куралдуу жаңжалдан Лейлек районунда 93, Баткен районунда 43, жалпы 136 үй талкаланган.