Чет өлкөгө жумушка кетем дегендер үчүн: Кайсы агенттиктерге уруксат берилди?
Кыргызстандыктарды чет өлкөлөргө жумушка орноштурууга көмөктөшкөн жети агенттикке жаңы уруксат берилди. Дагы сегиз агенттиктин уруксатынын мөөнөтү бир жылга узартылды.
Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады.
Жаңы уруксат алган агенттиктер:
-
«Динар Компани» — Түркия;
-
«ПФ Германия Карьера» — Германия;
-
«Флай Глобус» — Түркия;
-
«ОЛИМП КЕЙ ДЖИ ТРЭВЕЛ» — Түркия жана Болгария;
-
«Олива» — Германия;
-
«ЭРА-Тревел» — Польша (шарт менен);
-
«Окуу жумуш Италия» — Италия (шарт менен).
Ал эми төмөнкү сегиз агенттиктин уруксатынын мөөнөтү узартылды:
-
«Бест Чойс» — Германия;
-
«Тайга Групп» — Түркия;
-
«Евро Сапар» — Түркия;
-
«Арча АС Туризм» — Түркия;
-
«Рамай-Саякат» — Польша (шарт менен);
-
«Эмир Тревел» — Түркия;
-
«Аиша» — Түркия;
-
«Аска-Трэвел» — Болгария.
Ошол эле учурда комиссия эки агенттикке уруксат берүүдөн баш тартты. Алар Россияга жумушка орноштуруу боюнча «Арча АС Туризм» жана Германия багыты боюнча «Глобал проспект бридж».
Министрлик чет өлкөгө жумушка кетүүнү пландап жаткан жарандарды уруксаты бар агенттиктерге гана кайрылууга жана алардын ишмердүүлүгүн алдын ала текшерүүгө чакырды.