Чикагодо кыргыздар ачкан “Жибек жолу” ашканасы. Анын кандай жасалгаланганын сүрөттөн көрүңүз -ФОТО
АКШнын Чикаго шаарында кыргыздар ачкан «Жибек Жолу» ашканасы улуттук колоритте жасалгаланган. Ашкананын өзгөчө кооздолуп жасалганын Нарынгүл Алабачаева аттуу фейсбук колдонуучусу өзүнүн баракчасына жайгаштырды.
“Кубанычтуусу, ал жакта жалаң эле кыргыздар эмес, америкалыктар да абдан көп экен. Алар манты, лагман тамактарына буюртма берип отурушат. Эң жакшысы, буюртманы англис, орус жана кыргыз тилинде кабыл алышат”, -дейт ал.
