"Эркин-Тоо"

Чоң — Алай энциклопедиясынын бет ачар аземи өттү

Бет ачар аземге коомдук жана саясий ишмерлер Турсунбек Чыңгышев, Амангелди Муралиев, Накен Касиев, Абдыганы Эркебаев, Медеткан Шеримкулов, Бегиш Ааматов жана Жолборс Жоробековдор жана Чон-Алай элинин өкүлдөрү катышышты.

Энциклопедия өтө кылдаттык менен түзүлүп, илимий тил менен жазылган бирден –бир мыкты китеп болгон. 1500 басма табак менен жарык көргөн китептин автору — түзүүчүсү тарых илимдеринин кандидаты, ишкер Акматбек Маматкаимов. Анда Чоң — Алай элинин жана аймагынын өзгөчөлүктөрү, ошондой эле тарыхы, географиялык, жаратылышындагы бардык өзгөчөлүктөр тууралуу жазылган.

Пример HTML-страницы