Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасында чыңалуу күч алды
Бул туурасында УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады. 4-июнга караган түнү саат 3:00дө чамасында тажик тарап Унжу-Булак аймагындагы такталбаган жерге 1000 метрге чейин кирип келип контейнерлерди коё баштаган. Тажик тараптын аскердик курамы автоунаалар жана брондолгон техникалары менен топтолуп жатканы да байкалган. Саат 6:00гө карата Унжу-Булактагы кырдаал чыңалып тургандыктан УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Чоң-Алайга учуп кетти. Унжу-Булак аймагын кайтарган чек арачылар күчөтүлгөн тартипке өттү.