Чоң Чүй каналы бетондолот

26-январь, 2026-ж. / Редакция / Айыл чарба 59

Сугат суусунун тартыштыгын алдын алуу үчүн Чоң Чүй каналынын Батыш салаасын бетондоо долбоору ишке ашуу алдында турат. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев билдирди.

Анын айтымында, бул долбоор боюнча Министрлер кабинети менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы макулдашууга келип, учурда келишим даярдалып жатат. Долбоордун сметалык баасы 37 миллион евро деп бааланууда.

Учурда Чоң Чүй каналы аркылуу келген суунун 50–55 пайызы жолдо жоголуп жатат. Канал бетондолсо, сууну жоготуу азайып, айдоо аянттарына суу толук жетет. Мындан тышкары, жерге сиңген сууну көзөмөлгө алуу мүмкүн болуп, сазга айланган аймактарды кургатууга шарт түзүлөт.

26-январь, 2026-ж. / Редакция / Айыл чарба 59
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X