"Эркин-Тоо"
Эркин Тоо гезити

Чоро СЕЙИТОВ, Экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары: “ӨНҮГҮҮ ПРОГРАММАСЫ МЕНЕН ЫЛДАМДЫКТЫ АРТТЫРЫП, ЖАКШЫ НАТЫЙЖАГА ЖЕТЕБИЗ”

Жарандардын жашоо шартын жакшыртуу, дүйнөлүк чакырыктарга, атаандаштыкка туруштук берүү максатында 2030-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн Улуттук программасы кабыл алынган. Программада 2030-жылга чейин ички дүң өнүмдү кеминде 30 миллиард долларга жеткирүү, жан башына ИДӨнү 4,5 миң долларга көтөрүү, реалдуу экономикалык өсүштү 8%дан кем эмес кармоо белгиленген. Бириккен Улуттар Уюмунун алкагындагы өлкөнүн туруктуу өнүгүү максаттары боюнча алдыңкы 30 өлкөнүн катарына кирүү максаты коюлган. Индустриялаштыруу аркылуу экспортко ылайыкташкан өнөр жайын  калыптандыруу, Кыргызстанды Кытай, Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин жана Борбордук, Түштүк Азия өлкөлөрүнүн ордосунда транзиттик жана логистикалык борборго айландыруу керектиги жазылган. Учурда бул программанын алкагында көп долбоорлор ишке ашырылып же ишке ашуу алдында турат. Биз Экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сейитовго кайрылып, Улуттук программа жана келечектеги долбоорлор тууралуу сүйлөштүк.

– Чоро Сейитович, өлкөнүн Экономикалык көрсөткүчтөрүн көтөрүүдөгү максаттуу жана артыкчылыктуу программа кабыл алынып, учурда аны ишке ашырууга аракеттер жасалууда. Конкреттүү кандай кадамдар жасалып жаткандыгы тууралуу айтып берсеңиз?

– Жалпы Министрлер Кабинети, Экономика жана коммерция министрлиги бүгүнкү күндө өлкөнүн экономикасын көтөрүү максатында 30дай программанын үстүндө иштеп жатат. Бул программалардын иш-чара пландары да бекитилген. Айыл чарба, туризм сектору, индустриялаштыруу, регионалдык хаб-логистика, жашыл экономика, темир жол сыяктуу тармактарды илгерилетүү менен жакынкы беш жылга экономиканы көтөрүү максаты көздөлүүдө. Президенттин демилгеси менен акыркы 2 жылдын ичинде 500дөн ашык индустриалдык ишканалар ачылды.  Жеңил өнөр жай, айыл чарба, кайра иштетүү сыяктуу тармактарда көптөгөн жылыштар болуп, жумушсуздук маселеси чечилүүдө. Айрыкча кайра иштетүү секторунун ыргагы жакшы индикаторлорду көрсөтүүдө. Мындан тышкары биздин министрлик эл аралык тажрыйбаларды эске алып, ушул жылы 4 кластерди ачууга камданып жатабыз. Тактап айтканда эмерек, туризм, фармация, зергерлик тармактары өнүктүрүлөт. Кластерлерди өнүктүрүү үчүн биринчи кезекте жерди жеңилдетилген шарттарда бөлүп берүүнүн үстүнөн иштөө зарылчылыгы пайда болду. Каражат жагынан колдоо көрсөтүү, кадрлар менен камсыздоо экспорт маселесин чечүүнүн үстүндө иштер жүрүүдө. Экспортто рынок болбосо, кластерлерди түзүүнүн өзү жыйынтык бербейт. Бул маселеде стандарттар, сертификациялоо негизги нерсе. Аны ишке ашыруу үчүн лабораториялар түзүлөт. Акыркы 3 жыл ичинде лабораторияларды күчөтүүнүн да үстүндө көп эмгек жасалды. Кыргызстандын өсүп-өнүгүшү үчүн толук потенциал бар. 2030-жылга чейин өнүгүү программасы менен биз ылдамдыкты арттырып, жакшы натыйжаларга жетишебиз деп турабыз.

– Өнөр жай продукциясын 5 жылдын ичинде 2 эсеге көбөйтүү планы ишке ашабы?

– Өнөр жай продукциясын көбөйтүү үчүн ишканаларды атайын жабдыктар менен камсыздоо маселеси жаралат. Өлкөгө ошондой жабдыктарды киргизүүгө мүмкүнчүлүктөрдү түзүп жатабыз. Бажы салыктарынан бошотуу сыяктуу жеңилдиктер каралууда. Ишкерлерге, инвесторлорго мүмкүнчүлүк түзбөсөк индустрия, өнөржайдын өнүгүшү кыйынга турат. Андыктан бардык аракеттер көрүлүүдө.

– Азыр  рынокту электрондук коммерция ээлеп турган убак. Биздин өлкөдө бул тармак өнүгүүдөбү же тескерисинче тоскоолдуктарга тушугуудабы?

– Электрондук коммерция сөзсүз түрдө өнөр жай ишканалары менен байланыштуу болот. Айрыкча жеңил өнөр жайда кийим тигип, экспортко чыгарганда да он лайн соода маанилүү.  Андыктан азыр ири маркетллейстердин өкүлдөрү келип ишкерлерди окутуп жатышат. Алардын кампалары Кыргызстанда да ачылып, ишкерлерге шарттар түзүлгөн. Товарларды акт түрүндө чыгаруу маселесине да көңүл бурулууда. Кыскасы, азыр бардык тармакты колдоп, эл аралык тартипке туура келтирүүнүн үстүндө иш жүрүп жатат. Мындай иш-аракеттердин аркасы менен Кыргызстан экономиканын өсүү темпи боюнча дүйнөдөгү алдыңкы үч өлкөнүн катарына кирди. Ички дүң продукциясынын өсүү темпи 10% менен бара жатат. Консолидацияланган бюджет жыл соңуна чейин 1,2 триллионго чыгат деп пландалууда. Байкап көрсөк, бизден алдыда кетип жаткан өлкөлөрдө нефть сыяктуу кирешелүү кендери бар өлкөлөр экен. Биз ички тышкы инвестициянын, мамлекеттик бюджеттин эсебинен гана ийгиликке жетип жатабыз. Эгер инвесторлордун келүүсү дагы да көбөйө турган болсо, алдыңкы орунга чыгуу мүмкүнчүлүгү жаралат.

– 2025-жылы жүздөгөн ишканалар ачылды эле. Бул жылга пландар кандай?

– Быйыл да өткөн жылдагыдай эле ыргак менен иштейбиз. Ушул күндөрдө жаңы ачыла турган ишканалардын тизмелери түзүлүүдө.

– Азыр дүйнөнүн назары азык-түлүк коопсуздугуна бурулууда. Ири өлкөлөр курал-жарак менен кандай камсыздалышса, азык-түлүк менен да ошондой эле камсыз болууга аракет көрүшүүдө. Бизде айыл чарбасын өнүктүрүүгө кандай аракеттер жүрүп жатат?

– Айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча пландар көп. Алардын биринчиси кооперация түзүү. Тилекке каршы, кооперация болбосо бизде айыл чарбасы өнүкпөйт. Тышкы рынок Кыргызстандан көп көлөмдөгү, таза, талаптарга жооп берген продукцияны күтөт жана талап кылат. Эл аралык стандарттарга жооп берген азыктарды өндүрүп, аларды тышкы рынокко тартуулоо үчүн 2, 3 жыл талап кылынат. Андыктан, учурда комплекстүү иш-аракеттер көрүлүп, ишке ашууда.

Жазгүл Кенжетаева