Дыйкандар топурактын курамын кайсы жерден текшерте алышат?

3-февраль, 2026-ж. / Редакция / Айыл чарба 77

Дыйкандар топурактын азык заттарынын курамын аныктоо үчүн аймактардагы адистештирилген лабораторияларга кайрыла алышат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, топурактын азык заттарына лаборатордук текшерүү жүргүзүү үчүн дыйкандар өз облустарына жараша төмөнкү лабораторияларга үлгү тапшыра алышат.

Чүй облусу
Сокулук району, Кожомкул (Военно-Антоновка) айылы, Токтогул көчөсү, 3
Борбордук адистештирилген контролдук-токсикологиялык лаборатория
Тел.: 0707 989 745

Ош облусу
Ош шаары, Кара-Суу көчөсү, 2
Ош адистештирилген контролдук-токсикологиялык лаборатория
Тел.: 0778 828 716

Ысык-Көл облусу
Түп району, Түп айылы, Манас көчөсү, 124
Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча Ысык-Көл лабораториясы
Тел.: 0755 557 313

Жалал-Абад облусу
Жалал-Абад шаары, Нефтяник көчөсү, 11
Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин башкармалыгы
Тел.: 0755 043 077

Баткен облусу
Баткен шаары, Чет-Булак көчөсү, 1
Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча Баткен лабораториясы
Тел.: 0770 171 112

Нарын облусу
Нарын шаары, Мусурманкул көчөсү, 12-Б
Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча Нарын лабораториясы
Тел.: 0708 535 373

Талас облусу
Чыңгыз Айтматов району, Кызыл-Адыр айылы, Сатыбалдиев көчөсү, 22
Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча Талас лабораториясы
Тел.: 0553 509 190

Топурактын анализи жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча так маалыматты лабораториялардан түздөн-түз алууга болот.

3-февраль, 2026-ж. / Редакция / Айыл чарба 77
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X