Чүй райондук администрациясынын аймагы жаңыланат
Чүй райондук администрациясынын Чүй айылындагы имаратынын аймагын көрктөндүрүү долбоору иштелип чыкты. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, эскиздик долбоорду министрликке караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чүй райондук башкармалыгы даярдаган.
Долбоордо административдик имараттын айланасын заманбап талаптарга ылайык көрктөндүрүү, коомдук мейкиндикти иретке келтирүү жана жашоочулар менен мекеме кызматкерлери үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү каралган.
Демилге аймактын архитектуралык көрүнүшүн жакшыртууга жана имараттын айланасын иретке келтирүүгө багытталган.