Чүй жатак мектебиндеги мыйзам бузууларды жоюу маселеси каралды

27-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 85

2026-жылдын 26-октябрында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде Чүй жатак мектебинде аныкталган мыйзам бузуулар жана балдардын укуктарын коргоо маселелери талкууланды.

Министрдин орун басары Аида Исатбек кызы жетектеген ведомстволор аралык комиссиянын жыйынына Чүй облусунун прокуратурасынын, Агартуу жана Саламаттык сактоо министрликтеринин, ошондой эле Министрлер Кабинетинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын өкүлдөрү катышты.

Жыйында Акыйкатчынын мониторингинин жыйынтыгы боюнча сунуштамасында жана Чүй облусунун прокуратурасынын текшерүүсүндө белгиленген жагдайлар каралды.

Комиссия мүчөлөрү аныкталган мыйзам бузууларды жана кемчиликтерди жоюу, балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле мындай көрүнүштөрдүн кайталанышына жол бербөө боюнча сунуштарды беришти.

27-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 85
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X