Чүйдө эркек киши адамдарды атып, эки бала жаракат алды

18-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Коом 80

Чүй облусунда пневматикалык мылтыктан адамдарды аткан деп шектелген 24 жаштагы жаран кармалды. Окуядан 2013 жана 2015-жылы туулган эки бала жаракат алган.

Чүй облустук милициясынын маалыматына ылайык, 17-ноябрда Чүй райондук ооруканасынан пневматикалык куралдан жаракат алган эки өспүрүм тууралуу билдирүү түшкөн.

Милиция кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында 2002-жылы туулган шектүү аныкталып, кармалган. Ал кармоо учурунда 4,5 мм калибрдеги Hatsan AirTact пневматикалык мылтыгын өз ыктыяры менен тапшырган.

Алдын ала маалымат боюнча, шектүү 17-ноябрда саат 18:30 чамасында көчөгө мылтык менен чыгып, жолдо бара жаткан адамдарды аткан. Тергөө учурунда ал ок атканын мойнуна алган.

Шектүү Чүй райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүлүүдө.

18-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Коом 80
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X