Чүйдө таштандыны мыйзамсыз төккөн уюмга 23 миң сом айып салынды
Чүй облусунда таштандыларды белгиленбеген жерге жайгаштыруу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргыз илим-изилдөө институтунун кайрылуусунун негизинде Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору институтка коңшу жайгашкан коммерциялык уюмга текшерүү жүргүзүшкөн.
Текшерүүнүн жүрүшүндө кайрылууда көрсөтүлгөн фактылар тастыкталып, коммерциялык уюм таштандыларды атайын белгиленбеген жерге жайгаштырганы аныкталган.
Аталган мыйзам бузуу боюнча протокол түзүлүп, жооптуу тарапка 23 миң сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды.
Мындан тышкары, мыйзам бузууну жоюу боюнча милдеттендирме берилип, аны аткарууга үч күндүк мөөнөт белгиленди.