Чүйдө жашылча үрөнүн өндүрүүчү борбор ишке берилди
Чүй облусунун Сокулук районунда жашылча өсүмдүктөрүнүн үрөнүн өндүрүү боюнча заманбап окуу-илимий борбор ишке берилди. Борбор Кыргыз улуттук агрардык университетинин (КУАУ) базасында Кыргызстандын жана Түштүк Кореянын кызматташтыгынын алкагында түзүлдү.
Ачылыш аземи 3-ноябрда Студенческий айылында өттү. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ким Кван Чжэ жана университеттин жетекчилиги катышты.
КУАУнун ректору Нурзат Тотубаеванын айтымында, жаңы борбор айыл чарба илимин өнүктүрүүгө, үрөнчүлүк тармагындагы изилдөөлөрдү күчөтүүгө жана келечектеги адистерди практикалык даярдоого шарт түзөт.
Долбоордун алкагында тогуз заманбап күнөскана, административдик жана өндүрүштүк имараттар, муздаткыч комплекс, кампа жана башка инфраструктуралык объектилер курулган.
Учурда борбордо жашылча өсүмдүктөрүнүн үрөнүн өндүрүү боюнча илимий-изилдөө иштери жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, борбордун курулушу 2024-жылы башталып, 2025-жылы негизги инфраструктуралык объектилери бүткөрүлгөн. Ошол эле жылы алгачкы илимий изилдөөлөр башталган. Ачылыш аземинде борборду өткөрүп берүү актысына эки тараптын өкүлдөрү кол коюшту.


