Чыңгыз Кожошев Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды

11-февраль, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 39

Чыңгыз Кожошев министрлер кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду. Эске салсак, Кожошев Жазаларды аткаруу кызматын 2024-жылдын декабрь айынан тарта жетектеп келген. Ал эми президенттин жарлыгына ылайык, 2025-жылдын февраль айынын башында Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын базасында министрлер кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы түзүлгөн.

11-февраль, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 39
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X