ЧЫМ БАСПАГАН ЧЫЙЫР БАР…

17-март, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 30

Ак-Суу районунун борборунда 2012-жылы ачылган Кыдыр-Аке атындагы райондук тарыхый-аймак таануу мамлекеттик музейинин эшиги ар күнү ачык. Музейдин директору Макен МАЛАБЕКОВдун маалыматына караганда, учурда мында дээрлик ар күнү райондун мектеп окуучулары тарых сабагы боюнча атайын тажрыйбалык таанышуу сабактарын өтүп, ошондой эле туристтердин, аймактын тарыхына кызыккандардын да аяктары үзүлбөйт.

Аткарылып жаткан иш-аракеттер, алдыдагы ой-максаттар тууралуу айтып берүүсүн өтүнүп, музей жетекчисин учкай кепке тарттык.


— Макен Бейшенбиевич, касиеттүү Кыдыр-Акенин ысымын алып жүргөн райондук тарыхый-аймак таануу музейинин түптөлүшүнө учкай токтолсоңуз. Жоктон — бар кылып, ар нерсени башынан баштоо, чындыгында, өтө эле оор болсо керек?

— Райборбордо ушундай музейди түзүү жөнүндөгү ойлор көп жылдан бери эле айтылып, бирок жеткиликтүү колдоо таба албай келген. Ошентсе да, 2009-жылдын март айында райондун ошол кездеги акими Болотбек Купешев демилгени колдоого алып, райондук тарыхый-аймак таануу музейин түптөө жөнүндө токтом кабыл алып, ал райондук кеңештин сессиясында да депутаттар тарабынан жактырылып, иш ордунан жылган. Алгач ылайыктуу имарат табуу кыйла кыйынчылыктарды жаратты. Акыры, ушул азыр биз турган имаратты ылайык таап, аны оңдоп-түзөөгө кириштик. 20 жылдан бери дээрлик кароосуз калган имарат көп каражатты талап кылды. Райондук архитектуранын сметасы менен алганда, имараттын ички-тышкы жасалгасы, чатырын жаңыртуу жана алдындагы сейилбагы менен бирге корукка алуу иштери 1 млн 400 000 сомго барабар болду. Райондук жетекчилик менен биргелешип жасалган иш-аракеттердин натыйжасында облустук социалдык өнүктүрүү фондунан 500 000 сом бөлүнүп, имараттын ичи-тышы толук ремонттон өттү.

Райондук мамлекеттик администрациянын колдоосу аркылуу 2020-жылы облустук өнүктүрүү фондунан 460 000 сом бөлүнүп, имаратыбыздын чатыры жаңыртылды.

— Учурда музейдеги экспонаттардын саны канчага жетти? Албетте, ар бир экспонаттын да өзүнчө тарыхы, өзгөчөлүктөрү бар эмеспи?

— Тарых чыйырын эч убакта чым баспайт. Музейдеги ар бир экспонаттын өзүнчө тарыхы, санжырасы бар. Негизи, музейдин өзүнүн өзгөчөлүгү – тарыхый-аймак таануу багытына арналгандыгы. Өлкөдөгү башка музейлерден өзгөчөлөнүп, мында аймактын тарыхын, жаратылышын, аймактан чыккан атактуу инсандардын өтөлгөлүү өмүр жолдорун пропагандалоо өзгөчөлүгү бар. Азыр экспонаттардын саны 1 700дөн ашып калды. Алар коюлган зал 7 бөлүмдөн турат.

— Музей экспонаттары улам толукталып жаткандыр…

— Турмушта жашоо токтолбогон сыяктуу эле музей экспонаттары да күндөр, айлар, жылдар өткөн сайын улам толукталууда. Мисалы, кезегинде дүйнөгө дүрбөлөң салган Улуу Ата-Мекендик согуштун Улуу Жеңиш менен аяктаганына 75 жылдан ашуун убакыт өтсө да, кандуу согуш карттары али да толук бүтө элек. Буга чейин согуштун кан күйгөн талааларында дайынсыз жок болгондордун тизмесинде жүргөн Жолголот айылынын тургуну, 1226-аткычтар полкунун 368-аткычтар дивизиясында взводдун командири кызматын аткарган ага-лейтенант ТАЙЛАКОВ Иса Асановичтин сөөгү 2016-жылы Россия Федерациясынын Карелия Республикасындагы Лоймоль айыл аймагынан табылган.

Алыскы Карелия жергесинде ошол жылдын 24-сентябрында жергиликтүү бийликтин жана коомчулук өкүлдөрүнүн катышуусунда урмат-сый менен «Боордоштор көрүстөнүнө» коюу расмий иш-чарасына жердеш-жоокерибиздин жакындары катышып, жоокер-атабыздын каскасын, погондорундагы жылдызчаларын, топчуларын, аскердик кийимчен түшкөн сүрөтүн жана өмүр баянын музейге алып келип тапшырган. Алар боюнча музейде атайын бурч уюштурулуп, учурда жердешибиздин күжүрмөн сыйлыктарын аныктоо боюнча биз россиялык архив мекемелери менен иш алып баруудабыз.

Кезегинде аймагыбыздан кан майданга аттанышып, кайра Ата-Журтуна кайтпай калышкан жердештерибиздин аты-жөндөрүн тактоо, алар тууралуу маалыматтарды топтоо иштерин тынымсыз жүргүзүп келүүдөбүз. Эрдиктер эч качан унутулбайт.

Районубуздан чыккан генерал-майор Табылды Молдобаевдин үй-бүлөсүнүн көмөгү аркылуу былтыр музейге генералдын бюсту коюлуп, тийиштүү документтери текчелерге коюлду.

— Жалпы калкка, өзгөчө келечек муундарга аймак тарыхы, көрүнүктүү инсандары тууралуу наркы жок, чексиз кызмат көрсөтүп жаткан музейдин жакынкы келечеги үчүн алдыга кандай пландар болжолдонууда?

— Мындан 5 жыл мурун, Улуу Жеңиштин 70 жылдык мааракесинде музейдин аймагында кезегинде кан майданга аттанышып, душман менен болгон айыгышкан кармашууларда курман болгон эр-азаматтардын, согуш талааларынан Жеңиш менен кайтып, кийин каза болгон согуш ардагерлеринин аты-жөндөрү мармар таштарга чегилип жазылган көрүнүктүү эстелик тургузулган. Ошондон бери жыл сайын райондук деңгээлдеги Улуу Жеңиш майрамы ушул жерде белгиленип келет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене-тарбиясы жөнүндө» Жарлыгынын негизги максаты – мамлекеттик ички саясаттын эң маанилүү багытын — жогорку моралдык ченемдерди, каада-салттарды, салттуу болгон үй-бүлөлүк жана коомдук баалуулуктарды, сергек жашоону өздөштүрүү, Кыргызстан элдеринин маданияттарынын дөөлөтүн, кайталангыстыгын жана бирдиктүүлүгүн чагылдырган жалпы адамзаттык баалуулуктардын системасына өтүү аркылуу жарандарды тарбиялоо. Ошондуктан, биз, жаш муундарга улуттук көрөңгөлүү каада-салттарыбызды, интеллектуалдык баалуулуктарыбызды көздүн карегиндей кастарлоого, күндөлүк жашообузда аткарып жаткан иш-аракеттерибиз үлгү болуп жатат деп ойлойм.

№26 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 15-марты
Эгемберди САДАБАЕВ
 

17-март, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 30
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X