COVID-19: 1 адам каза болуп, 10 адамдан жаңы аныкталды

23-март, 2022-ж. / Редакция / Медицина 38

Кыргызстанда акыркы сутка ичинде коронавирустан бир адам каза болуп, жаңы 10 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкекте – 4, Чүй облусунда – 6 адамдан илдет табылган. Ал эми 19 адам илдеттен сакайып чыкты. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 88 бейтап, амбулатордук түрдө 69 адам дарыланып жатат.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 836 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 113 киши айыгып чыкса, 2 миң 982 адам каза болгон.

23-март, 2022-ж. / Редакция / Медицина 38
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X