COVID-19: 11 адам жаңы жуктуруп, бир адам көз жумду
Кыргызстанда акыркы бир суткада коронавирус дагы 11 адамдан аныкталып, бир адам көз жумду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, соңку бир суткада 31 адам илдеттен сакайып, Чүй облусунан бир бейтап каза болду. Бүгүнкү күндө стационарларда COVID-19 дан 97 бейтап, амбулатордук түрдө 122 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 787 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 16 киши айыгып чыкса, 2 миң 977 адам каза болду.