COVID-19: 11 адамдан жаңы аныкталып, бир адам көз жумду

26-март, 2022-ж. / Редакция / Медицина 42

Акыркы суткада Кыргызстанда коронавирустан бир адам көз жумуп, 11 адамдан жаңы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлайт.

Ага ылайык, Бишкек шаарында – 7, Чүй облусунда – 4 адамдан илдет табылган. Акыркы суткада 11 адам илдеттен сакайып чыкты.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 85 бейтап, амбулатордук түрдө 61 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 868 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 154 киши айыгып чыкса, 2 миң 984 адам каза болду.

26-март, 2022-ж. / Редакция / Медицина 42
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X