COVID-19: 15-майда дагы 404 адамга вирус жукту
Саламаттык сактоо министрлигинин билдирүүсүндө, 15-майга караган суткада Кыргызстандын аймагында дагы 404 адамдан COVID-19 илдети аныкталып, 8 бейтап көз жумду.
Маалыматка ылайык:
Бишкек шаарында -294, Ош шаарында-4, Чүй облусунда -65, Ош облусунда -2, Талас облусунда-1, Нарын облусунда -9, Ысык-Көл облусунда -20, Жалал-Абад облусунда -9 адамдан вирус аныкталган. Баткен облусунда бүгүн ооругандар катталган жок.
COVID-19 илдетинен 8 адам каза тапты: Бишкек шаарында — 4, Чүй облусунда-3 , Талас облусунда -1.
Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, Кыргызстанда жалпы 2020-жылдын март айынан тарта 100 249 адамга коронавирус жуккан.