COVID-19: 20-майга карата 361 кишиден вирус аныкталды. 4 киши каза болду
20-майга караган суткада Кыргызстандын аймагынан дагы 361 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда:
Бишкек шаарында — 193, Ош шаарында— 5, Чүй облусунда — 96, Ош облусунда — 13, Талас облусунда — 6, Нарын облусунда — 13, Ысык-Көл облусунда — 28, Жалал-Абад облусунда — 4, Баткен облусунда — 3 кишиден вирус табылды.
COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 2 бейтап каза болду.
2020-жылдын март айынан бери 101 миң 580 киши вируска чалдыгып, 1 миң 729 бейтап көз жумган.