COVID-19: 26-апрелде илдетке кабылгандар болгон жок

26-апрель, 2022-ж. / Редакция / Медицина 46

Акыркы сутка ичинде Кыргызстанда коронавирустун жаңы учуру катталган жок. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Ага ылайык, соңку суткада илдеттен жети бейтап сакайды жана каза болгондор катталган жок.

Республика боюнча амбулатордук дарыланууда 14 адам бар.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 990 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 393 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.

26-апрель, 2022-ж. / Редакция / Медицина 46
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X