COVID-19: Акыркы суткада 298 кишиден вирус аныкталып, 8 адам каза болду

25-майга караган сутка ичинде Кыргызстандын аймагында вирус дагы 298 кишиден аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда:

Бишкек шаарында — 144, Ош шаарында — 23, Чүй облусунда — 86, Ош облусунда — 7, Талас облусунда — 2, Нарын облусунда — 13, Ысык-Көл облусунда — 18, Жалал-Абад облусунда — 5 кишиден вирус табылды.

COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 8 бейтап каза болду.

2020-жылдын март айынан бери өлкөдө 103 миң киши вируска чалдыгып, 1 миң 765 бейтап көз жумду.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X