COVID-19: Бүгүн 358 адамдан вирус аныкталып, дагы 6 адам каза болду
2-июнга караган суткада өлкө аймагында вирус дагы 358 кишиден аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда:
Бишкек шаарында — 163, Ош шаарында — 64, Чүй облусунда — 64, Ош облусунда — 19, Талас облусунда — 2, Нарын облусунда — 3, Ысык-Көл облусунда — 20, Жалал-Абад облусунда — 18, Баткен облусунда — 5 кишиден вирус табылды.
COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 4, Ысык-Көл жана Талас облустарында бирден бейтап каза болду.
2020-жылдын март айынан бери 105 миң 469 киши вируска чалдыгып, 1 миң 821 бейтап көз жумду.