12-майга караган суткада өлкө боюнча 283 кишиден вирус жаңыдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда:
Бишкек шаарында — 158, Ош шаарында — 14, Чүй облусунда — 75, Талас облусунда — 3, Нарын облусунда — 10, Ысык-Көл облусунда — 18, Жалал-Абад облусунда — 5 кишиден вирус аныкталды.
COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 5, Чүй облусунда 3 бейтап каза болду.
2020-жылдын март айынан бери, Кыргызстанда 99 миң 316 киши вируска чалдыгып, 1 миң 675 бейтап көз жумду.