COVID-19: Коронавирустан дагы 2 адам көз жумду

21-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Медицина 37

21-февралга караган суткада  Кыргызстанда коронавирус 15 адамдан аныкталып, 2 бейтап көз жумду.

Маалыматка ылайык:

Бишкек шаарында – 10, Ош облусунда – 5 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 119 адам илдеттен сакайып чыкты.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 235 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 366 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 337 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 194 миң 218 киши айыгып чыкса, 2 миң 946 адам каза болду.

21-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Медицина 37
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X