COVID-19: Вирус 22 адамдан аныкталып, 2 бейтап көз жумду
28-февралга караган суткада Кыргызстанда коронавирус 22 адамдан аныкталып, бир бейтап каза болду.
Маалыматка ылайык:
Бишкек шаарында – 20, Ысык-Көл облусунда – 2 адамдан илдет табылган.
Акыркы суткада 105 адам илдеттен сакайып чыкты. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 187 бейтап, амбулатордук түрдө 620 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 500 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 195 миң 161 киши айыгып чыкса, 2 миң 957 адам каза болду.