COVID-19: Вирус 55 адамдан аныкталып, 2 бейтап каза болду

15-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Медицина 37

15-февралга караган суткада Кыргызстанда коронавирус 55 адамдан аныкталып, 2 бейтап каза болду.

Маалыматка ылайык:

Бишкек шаарында – 23, Чүй облусунда – 19, Ош облусунда – 1, Талас облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 2, Жалал-Абад облусунда – 4, Баткен облусугда – 4 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 207 адам илдеттен сакайып чыкты.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 428 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 18 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 121 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 193 миң 178 киши айыгып чыкса, 2 миң 932 адам каза болду.

15-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Медицина 37
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X