8-июлга каратаган суткада Кыргызстанда вирус дагы 1 миң 238 адамдан аныкталды. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда:
Бишкек шаарында — 693, Ош шаарында — 67, Чүй облусунда — 151, Ош облусунда — 82, Талас облусунда — 15, Нарын облусунда — 17, Ысык-Көл облусу — 38, Жалал-Абад облусунда — 86 жана Баткен облусунда — 89 кишиден вирус аныкталды.
COVID-19 илдетинен өлкөдө 10 киши каза тапты:
Бишкек шаарында — 6, Чүй облусунда −3, Ысык-Көл облусунда -1 адам каза болду.
2020-жылдын март айынан бери 135 миң 739 адам вируска кабылып, 2 миң 73ү көз жумган.