COVID-19: Вирус дагы 376 кишиге жугуп, 8 адам каза болду

27-майга караган суткада өлкө боюнча дагы 376 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда:

Бишкек шаарында — 283, Ош шаарында — 17, Чүй облусунда — 66, Ош облусунда — 14, Талас облусунда — 4, Нарын облусунда — 5, Ысык-Көл облусунда — 21, Жалал-Абад облусунда — 9, Баткен облусунда — 2 кишиден вирус табылды.

COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 3, Нарында 1, Ысык-Көл облусунда 1 бейтап каза болду.

2020-жылдын март айынан бери 103 миң 583 киши вируска чалдыгып, 1 миң 781 бейтап көз жумду.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X