COVID-19: Вирустан 3 бейтап көз жумду

16-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Медицина 42

16-февралга караган суткада Кыргызстанда коронавирус 54 адамдан аныкталып, 3 бейтап каза болду.

Маалыматка ылайык:

Бишкек шаарында – 25, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 9, Талас облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 6, Жалал-Абад облусунда – 10 адамдан илдет табылган.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 378 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 910 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 175 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 193 миң 385 киши айыгып чыкса, 2 миң 935 адам каза болду.

16-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Медицина 42
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X