COVID-19: Вирустан 3 киши каза болуп, 274 бейтап айыгып чыгат

11-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Медицина 36

11-февралга караган суткада Кыргызстанда  коронавирус  69 адамдан аныкталып, 3 бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык:

Бишкек шаарында – 31, Чүй облусунда – 16, Талас облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 10, Жалал-Абад облусунда – 5, Баткен облусунда – 4 адамдан илдет табылган.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 585 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 597 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 199 миң 890 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 192 миң 232 киши айыгып чыкса, 2 миң 920 адам каза болду.

11-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Медицина 36
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X