COVID-19: Вирустан дүйнөдө 6,1 млн адам каза тапты

13-апрель, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Дүйнө 41

Акыркы бир сутканын аралыгында дүйнө жүзүндө коронавирус илдетин жугузуп алгандардын саны дагы 615 миң 676 адамга көбөйдү.

Вирус жалпы 500 млн 363 миң 741 адамга жуккан. Ооругандардын саны боюнча биринчи орунда АКШ (80 млн 476 миң 404) турат. Кийинки орундарда Индия (43 млн 36 миң 928), Бразилия (30 млн 161 миң 909), Франция (27 млн 353 миң 225), Улуу Британия (21 млн 846 миң 115), Россия (17 млн 756 миң 183), Түркия (14 млн 972 миң 502), Аргентина (9 млн 56 миң 203), Иран (7 млн 197 миң 505), Колумбия (6 млн 88 миң 335), Испания (11 млн 627 миң 487), Италия (15 млн 404 миң 809) жана Германия (22 млн 840 миң 776) турат.

Ал эми вирустан каза болгондордун саны жалпы 6 млн 183 миң 944 адамга жетти. Өлүм эң көп АКШ (985 миң 346),  Бразилия (661 миң 576), Индия (521 миң 710), Мексика (323 миң 727, Россия (364 миң 779), Улуу Британия (171 миң 4) жана Италия (161 миң 32) мамлекеттеринде катталган.

Пандемиянын алгачкы күнүнөн тартып Кыргызстанда 200 миң 970, Казакстанда 1 млн 394 миң 93, Өзбекстанда 238 миң 98, Тажикстанда 17 миң 786 адамга коронавирус жуккан.

13-апрель, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Дүйнө 41
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X