COVID-19: Вирустан дагы 4 бейтап каза болду
9-февралга караган суткада Кыргызстанда коронавирус 97 адамдан аныкталып, 4 бейтап каза болду.
Маалыматка ылайык:
Бишкек шаарында – 53, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 23, Ош облусунда – 1, Талас облусунда – 3, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 7, Жалал-Абад облусунда – 5, Баткен облусунда – 3 адамдан илдет табылган.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 684 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 883 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 199 миң 717 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 191 миң 679 киши айыгып чыкса, 2 миң 913 адам каза болду.