COVID-19дан каза болгон медиктердин үй-бүлөлөрүнө кенемте төлөө маселеси көтөрүлдү
Жогорку Кеңештин депутаты Улан Сариев COVID-19 пандемиясы учурунда «кызыл зонада» иштеп, каза болгон медициналык кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө кенемтени 2027-жылдын бюджетинен карап берүүнү өкмөттөн суранды.
Депутаттын маалыматы боюнча, өкмөттүн токтому менен пандемия учурунда кызыл зонада иштеп, жабыркаган же каза болгон медициналык кызматкерлерге мамлекет тарабынан бир жолку кенемте каралган. Бирок токтомдо каза болгон кызматкердин ПЦР-тести COVID-19га оң болушу шарт деп жазылган. Улан Сариевдин айтымында, каза болгон медициналык кызматкерлердин көбү пневмониядан көз жумган, ошондуктан 20га жакын кызматкердин туугандары өкмөт жана Саламаттыкты сактоо министрлиги менен соттошуп жүрөт.
Адылбек Касымалиев 20 медициналык кызматкердин каза болушуна байланыштуу сот иштери жүргөнүн ырастады. Анын маалыматы боюнча, алардын 15ине сот кенемте төлөбөө жөнүндө чечим чыгарган, калгандарына төлөнгөн. Өкмөт башчы маселени саламаттыкты сактоо министри менен карап чыгып, андан кийин жооп берерин айтты.