Cуу жээктери ижарага берилеби?

24-февраль, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 36
Бишкектеги суулардын жээктери мэрияга берилди. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.
Ага ылайык, төмөнкү жээктер муниципалитетке 49 жылга берилет:

Ала-Арча суусу — Семетей көчөсүнөн Жапаров көчөсүнө чейин;

Аламүдүн суусу — Көк-Жар көчөсүнөн айланма жолго чейин;

Чыгыш Чоң Чүй каналы — Ауэзов көчөсүнөн Ала-Арча суусуна чейин;

Түштүк Чоң Чүй каналы — Ауэзов көчөсүнөн Ала-Арча суусуна чейин;

Чоң Чүй каналы — Курманжан датка көчөсүнөн Фучик көчөсүнө чейин;

Кичи Чүй каналы — Алма-Ата көчөсүнөн Архитекторлор көчөсүнө чейин.

Мэрия бул жерлерди ижарага бере алат, мындан тышкары, көрктөндүрүүгө милдеттендирилет. Буга чейин мэрия Ала-Арча суусунун жээгин бойлой сейил бак салуу планын жарыялаган.
24-февраль, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 36
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X