Цирктин директору Ашировага айтылган дооматтар чындыкка дал келеби?
А.Изибаев атындагы кыргыз мамлекеттик циркинин кызматкерлери тарабынан учурдагы директор Светлана Ашировага айтылган дооматтарга байланыштуу маселени иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлдү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
«Комиссия келип түшкөн бардык арыздар менен сунуштарды калыс карап чыгып,
учурдагы кырдаалды иликтөө үчүн териштирүү жүргүзүүдө. Министрлик кайрылууларды адилеттүү жана ачык кароого кепилдик берет. Мындан сырткары, иликтөөнүн жыйынтыгы менен цирктин ишин жакшыртууга, кызматкерлер менен артисттер үчүн ыңгайлуу иш шарттарын түзүүгө багытталган тийиштүү чаралар көрүлөт», — деп айтылат маалыматта. Буга чейин маалымат жыйында мамлекеттик цирктин бир нече кызматкери мекеменин жаңы жетекчиси менен иштешүүдө маселелер жаралганын, ал жамааттын бирге иш алып баруусуна тоскоолдук жаратып жатканын айтышкан.