Дүйнөдө дарыгерлер тартыштыгы жаралат
Бир жылдан ашуун убакыттан бери дүйнө жүзүндө жүрүп келе жаткан коронавируска каршы күрөш дарыгерлердин психикалык саламаттыгына чоң сокку болду. ДССУ болжолдуу маалыматына ылайык, жакынкы он жылда, пандемияга байланыштуу медицина кызматкерлеринин жетишсиздиги жаралат.
Оор жумушту аркалаган дарыгерлердин пандемия шартында психикалык саламаттыгы начарлады. Алдын ала маалыматка ылайык, 2030-жылга чейин дүйнө 18 млн медициналык кызматкерге муктаж болот.
Эл аралык Project Hope саламаттык сактоо уюмунун башчысы, доктор Том Кениондун пандемия учурунда дарыгерлер депрессия менен күрөшүп, бейтаптардын дарылануу шарттарынын начарлашына жана эмдөөлөрдүн жай жүрүп жаткандыгына тынчсызданып жатышканын белгиледи. Мындан улам көптөгөн дарыгерлер өз ыктыяры менен жумуштан кетип жатат. Андыктан массалык эмдөө долбоору тездетилиши шарт.