"Эркин-Тоо"

Дүйнөлүк банк Баткен облусун өнүктүрүүгө 50 миллион доллар берүүдө

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Баткен облусунда «Экономикалык региондук өнүктүрүүнүн экинчи долбоору» боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы каржылоо жөнүндө Макулдашуунун долбоору каралды.

Аталган маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев жана анын орун басары Чоро Сейитов маалымат берди. «Долбоордун алкагында Баткен облусун калыбына келтирүүгө жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө Дүйнөлүк банк тарабынан 50 млн АКШ доллары бөлүнүп жатат. Каражаттын жарымы грант, калган жарымы насыя түрүндө берилет. Пайыздык чен 0,75% түзөт. Насыя 38 жылга берилип, анын 6 жылы жеңилдетилген мезгил болуп саналат», — деди ал.

Министрдин орун басары белгилегендей, экинчи региондук экономикалык өнүктүрүү долбоору 6 жыл аралыгында 2027-жылга чейин коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) тарабынан ишке ашырылат.

«Долбоор инфраструктураны жана мамлекеттик кызматтарды жакшыртууга, атаандаштыкка жөндөмдүү айыл чарба продукциясын өндүрүү жана сатуу аркылуу кирешени көбөйтүүгө, чакан жана орто ишканаларды өнүктүрүү аркылуу жумуш орундарын жогорулатууга багытталган», — деп кошумчалады министр Данияр Амангельдиев.

Талкууда комитет мүчөлөрү долбоордун Баткен облусунун экономикалык өсүшү жана өнүгүүсү үчүн мааниси чоң экенин белгилеп, аны ишке ашыруу боюнча бир катар сунуш-пикирлерин айтышты. Депутат Адахан Мадумаров белгилегендей, министрлер кабинети долбоорду ишке ашырууну АРИСке тапшырбай, мамлекеттик органдарга берүү керектигин айтып сынга алды «Ири суммадагы каражаттар алынууда, ал карыздын баары биздин кийинки муунга жүктөлүүдө», — деп, бул долбоорго өзүнүн каршы добушун берерин билдирди.

Ал эми депутат Нурланбек Шакиев АРИСте иштеген кызматкер менен аткаруучу консультанттардын эле эмгек акысы 200 миң сомдон көп экенин белгилеп, ушундай эле ишти мамлекеттик кызматкерлер беш алты эсе арзан акчага сапаттуу, мыкты жасарын эскертти.

АРИСтин өкүлдөрүнө, АРИС пайда болгондон баштап Кыргызстан канча карыз алып, же тагыраагы канча млрд суммадагы иштер аткарылганын тактады. Бирок, АРИСтин мүчөлөрү буга чейинки суммаларды так билбегендиктен азыркы учурда 320 млн АКШ долларына 13 долбоор даярдалып жатканын ырастады.

Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө депутат Улан Бакасов Нарын облусундагы таза суу маселесин мисал кылып өттү. Анын айтымында, Нарын шаарындагы, Нарын жана Ат-Башы райондорундагы таза суу көйгөйү көп жылдан бери чечилбей келүүдө. АРИС жасай турган иштер жылдап жасалбай жатканын эске салып, себептерин тактады. Андыктан депутат 2023-жылы АРИС тарабынан киргизилген долбоорлордун негизиндеги Нарындагы иштер толук бүткөрүлүшү керектигин милдеттендирди.

Ал эми эл өкүлү Нурланбек Азыгалиев АРИС тарабынан жасалган иштердин керектөө мөөнөтүн 3 жылга узартууну сунуштады. Анын айтымында бир жыл ичинде эле АРИС тарабынан жасалган иштер жергиликтүү бийликтин балансынан өткөрүүгө чейин эле керектен чыгып жатканын айтты.

Комитеттин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков дагы Баткен облусунун экономикалык аймактарын өнүктүрүү долбоору керек экенин белгилеп, бул боюнча АРИСтин ишинин натыйжалуулугун тыкыр көзөмөлгө алуу бүтүндөй Кыргызстан үчүн керектигин баса белгиледи. Ошондой эле 2003-жылдан баштап, 19 жыл ичинде АРИСтин жасаган иштерин карамай болушту.

Талкуунун жыйынтыгында Баткен облусунда «Экономикалык региондук өнүктүрүүнүн экинчи долбоору» боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы каржылоо жөнүндө Макулдашуунун долбоору сунуш пикирлерди эске алуу менен колдоо тапты.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!