Дааратканадан ымыркайдын сөөгү табылгандан кийин апасы кармалды

20-февраль, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 38

Бишкек шаарындагы имараттын дааратканасынан ымыркайдын сөөгү табылгандан кийин шектүү кыз Кара-Балта шаарынан кармалды. Бул маалыматты Ленин РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүн, 20-февралда саат 09:57де милицияга Киев көчөсүндөгү имараттын дааратканасынан 5-6 айлык болуп төрөлгөн баланын денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Бул факт боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Анын алкагында 2000-жылы туулган К.С. шектелип кармалды. Тиешелүү иштер улантылып жатат.

20-февраль, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 38
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X