Дача-СУда болгон кырсык боюнча комиссия түзүлдү

11-май, 2022-ж. / Редакция / Коом 48

Президент Садыр Жапаров Жарлык чыгарып, Чүй облусунун Сокулук районунун Дача-СУ айылында мындан беш жыл мурда жүк ташуучу Боинг-747 самолету кулаган авиациялык кырсыктын себептерин изилдөө боюнча коомдук комиссия түзүп, курамын бекитти. Комиссиянын түзүлгөндүгү туурасында ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Коомдук комиссиянын курамы:
Гүлшайыр Абдирасулова, укук коргоочу (макулдашуу боюнча);
Дилбар Алимова, журналист-иликтөөчү (макулдашуу боюнча);
Бекзат Алимов, «Эйр Манас» авиакомпаниясынын жердеги кызматынын жана каргонун директору (макулдашуу боюнча);
Элнура Алканова, «Ачык маалымат фонду» коомдук фондунун башкармасынын төрагасы;
Мавлян Аскарбеков, жарандык активист (макулдашуу боюнча);
Кубатбек Боронов, коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);
Төлөйкан Исмаилова, укук коргоочу (макулдашуу боюнча);
Кайрат Кенжебай уулу, «Стоп Беспредел» маалыматтык сайтынын башкы редактору (макулдашуу боюнча);
Кубанычбек Култаев, адвокат, милициянын отставкадагы полковниги (макулдашуу боюнча);
Тимур Махмудов, жарандык активист (макулдашуу боюнча);
Динара Ошурахунова, укук коргоочу (макулдашуу боюнча)
Мухаммедали (Али) Токтакунов, журналист-иликтөөчү (макулдашуу боюнча);
Нурбек Токтакунов, укук коргоочу (макулдашуу боюнча);
Адиль Турдукулов, журналист-иликтөөчү (макулдашуу боюнча);
Бактыбек Турусбеков, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 6-чакырылышынын экс-депутаты (макулдашуу боюнча);
Эркингүл Убышева, укук коргоочу (макулдашуу боюнча);
Самсаалы Четимбаев, жарандык активист (макулдашуу боюнча).
Комиссияга коомдук ишмер, саясатчы жана мурдагы депутат Алмамбет Шыкмаматов төрага болду.

11-май, 2022-ж. / Редакция / Коом 48
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X