Дача-СУдагы кырсыкка 8 жыл

16-январь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 56

Дача-СУдагы кырсыкка 8 жыл болду.  Эске салсак, 2017-жылдын 16-январында Чүй облусунун Сокулук районундагы Дача-СУ айылына жүк ташуучу Боинг 747 учагы кулап түшкөн.  Кырсык 39 адамдын өмүрүн алган.

Авиакырсыктын кесепетинен кыйраган аймак 5 гектарга жакын болгон. Анын кесепетинен 19 үй толугу менен, 7 үй жарымы талкаланган. Ошондой эле 12 айыл чарба курулуштары талкаланган.


        
16-январь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 56
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X