Дайыр Асановдун жаркын элесине арналган эл аралык турнир ачылды
Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Дайыр Асановдун жаркын элесине арналган аскердик кармашып урушуу боюнча эл аралык турнир Бишкекте өтүп жатат. Мелдештин расмий ачылыш аземине Жогорку Кеңештин Төрагасынын биринчи орун басары Медербек Алиев катышты.
«Газпром – балдар үчүн» ден соолукту чыңдоо комплексинде өтүп жаткан мелдешке Кыргызстандын аймактарынан жана чет өлкөлөрдөн келген өспүрүмдөр, юниорлор жана жаш спортчулар катышууда.
Ачылыш аземинде Медербек Алиев Дайыр Асановдун мекен алдындагы эрдиги жана аскердик каармандыгы жаш муундар үчүн үлгү экенин белгиледи. Ошондой эле ал аскердик кармашып урушуу спорту жаштарды тартипке, эрктүүлүккө жана мекенчилдикке тарбиялоодо маанилүү орунду ээлей турганын айтты.
Анын белгилешинче, эл аралык мелдештер жаш спортчулардын чеберчилигин арттырып гана тим болбостон, өлкөлөр ортосундагы достукту жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөгө да өбөлгө түзөт.
Медербек Алиев турнирди уюштурууга салым кошкон Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаментине, Дайыр Асанов атындагы Аскер лицейине жана Аскердик кармашып урушуу федерациясына ыраазычылык билдирип, катышуучуларга ийгилик каалады.