Данияр Мукашев ээлеген кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Мукашев Данияр Муратбекович Кыргыз Республикасынын Щвейцария Конфедерациясындагы, Лихтенштейн Княздыгындагы, Сан-Марино Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси/ Кыргыз Республикасынын Бириккен улуттар уюмундагы жана Женева шаарындагы эл аралык башка уюмдардагы туруктуу  өкүлү кызматынан бошотулду.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X