"Эркин-Тоо"

“…ДАРАЖАНЫ АДАМ ЖОГОРУЛАТАТ”

“Адамды даража эмес, даражаны адам жогорулатат.” Ооба, ошентип айткан улуу ойчулдар. “Бийликтин кадыры кетти, эл бийликке ишенбей калды” деп соңку жылдарда эл арасында абдан көп айтылып келүүдө. Учурда элдин бийликке болгон ишеничин кайтарып алуу өтө оор маселеге айланып калганы көрүнүп турат. Канткенде эл расмий бийликке ишеним артып, келечекке үмүттүү карап жашайт? Бүгүн ушул суроого жооп табуу өтө оор маселеге айланып бараткандай.

Караламан элге Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлаарда эки жолу тандоо мүмкүнчүлүгү берилет. Кыргыз Республикасынын Президенти жана парламенти карапайым элдин жүзү. Элдин атынан сүйлөөгө Президент менен депутаттар гана укуктуу. Эл өзү тандап, аларга мандат берген. Ошол караламан букаралар шайлаган депутаттар ар кимиси акыл парасатына, ой жүгүртүү алкагына жараша элдин көйгөйүн жогорку трибунадан көтөрүп, маселе чечип келе жатат. Демек, жалпы Кыргыз Республикасынын жарандарынын тандоосу менен келген парламентарийлер бүгүн Жогорку Кеңеште иш алып барууда.

Биз билгенден: “пахта койду” деген сөз түштүк тарапта көчө балдарынын арасында гана айтылып жүргөн беймаани сөз эле. Болгондо да өтө эле төмөн деңгээлде ой жүгүрткөн томаяктар ошентип сүйлөшчү. Бүгүн ошол кунарсыз, арсыз, беймаани сөз саясый көз караштардын диалогу жүргөн, саясый олимптин баш кеңсеси болгон Жогорку Кеңештен кадыресе орун тапканы албетте өкүнүчтүү. Ал сөз кантип, кимдер аркылуу парламентке кирди? Албетте эл тандаган эл өкүлдөрү аркылуу. Бир күндүк напсиге, көр оокатка азгырылып шайлаган депутаттарыбыздын деңгээлин, алар кабыл алган мыйзам, чечимдерди көрүп, жашоого эми милдеттүүбүз. Тандоо бизде, караламан элде болгон. Депутаттар өз көрөңгөсүнүн, акылпарасатынын алкагында сүйлөп, ой калчап отурушат. Демек. Көчө сөздөрү да көчө балдары менен парламентке чогуу келди.

Ушул жерден мындай бир эл оозунда айтылып жүргөн икая эске түшөт: “Атасы уулуна тынбай насаат айтып келет, бирок уулу эси жок чыгып, атасынын сөзүнө кулак салбайт. Уулу жаш туруп, адамдарды алдап, каалаган максатына жетүү үчүн абдан амалкөй, шылуундукту өздөштүрөт. Акча, байлык, бийлик десе баарынан кечип кетерин байкаган атасы бир күнү дагы насаат айтат: “Балам, алгандын бермейи болот. Бирөөгө кылганың, эртеби-кечпи өзүңө кайтып келет, ар бир нерсенин сурагы бар, ушунчаңда токтотсоңчу…” дейт. Уулунун кулак салбаганына атасы кейип: “Аа, балам, ушу сен адам болбойсуң го” деп кейип, капа болот.

Күндөрдүн биринде эрке уул атаэнесин жалгыз таштап, бакыт издеп алыс жолго чыгат. Бир өлкөнүн падышасынын сарайына жумушчу болуп кирип, айлакер, амалкөйлүгү менен тепкичтен тепкичке көтөрүлүп отуруп, падышанын увазирлигине жетет. Акыры падышанын көзүн тазалап ордун ээлеп калат. Ошондо баягы атасы эсине түшүп, жигиттерине атасын алып келүүнү буйрук кылат. Жигиттери падыша уулдун алдына атасын жөө айдап келип, ийининен басып чөгөлөтүшөт. Алдында чөгөлөп турган атасын көргөн баласы: “Ии ата, тааныдыңбы балаңды? Сен мени адам болбойсуң дечү элең, эми жаңылганыңды мойнуңа аласыңбы? Мына мен бүгүн бир өлкөнүн падышасы болуп отурам” дейт.

Анда атасы: “Ии балам, максатыңа жетипсиң, үлкөн бийликти багынтыпсың, бирок, баягы эле бойдон калыпсың, ушунча жылдан бери ата-энеңден кабар алган жоксуң, эми жигиттериңе күчкө салдырып жөө айдатып келип, атаңды чөгөлөтүп, улуу даражаңа курсант болуп турасың. Мен сени падыша болбойсуң деген эмесмин, «АДАМ болбойсуң” деп айтканмын! Мен туура эле айткан экенмин, бир өлкөнүн падышасы болупсуң, бирок адам боло албапсың балам» деп Хансарайдан чыгып кеткен экен.”

Бүгүн биз бийликтин ар бир бутагынан Сот, Депутат, Министр болгон мамлекеттик чиновниктерди, амалкөй уул-кыздарды учуратып, бирок, адамдарды абдан сейрек кездештирип жатканыбыздан улам карапайым эл менен мамлекеттик расмий бийлик өкүлдөрүнүн ортосунда ажырым жаралып, ишеним солгундап кеткенин моюнга алышыбыз керек. Эл билимсиз, билгилиги жок амалкөй чиновник сөрөйлөрдөн тажады. Башында бирин-серин дөөпайлардын сүйлөгөнүн жогорку трибунадан угуп, шылдың кылып күлгөн караламан букаралар, учурда жабыла сүйлөгөн сабатсыздардын армиясын көргөндө кыжырданып, айтаарга сөз таппай отурат.

Кыргыз элитасы “Чимкирик”, “Какырык”, “Задный проход” аталды. Ага кайгырган, көңүл бурган пенде баласы барбы? Же бизге сөз таасир этпей калды беле? Мамлекеттик чиновниктер биринин артынан бири пара алып жатып кармалганын кандай түшүнүүгө болот? Тилекке каршы ошолор бүгүн мамлекеттин тагдырын чечүүчү ролдо отурат. “Адамды даража эмес, даражаны адам жогорулатат” дегендей, Сот бийлигинин, Мыйзам чыгаруу бийлигинин, аткаруу бийлигинин даражасын көтөрө турган адамдар кайда? Кыргыз Республикасынын Президенти, Министрлер кабинетинин төрагасы саресеп салып, кадр маселесине көңүл бурбаса, ишеним кайтпайт. “Канткенде адам пенде күн сайын адам болот?”

№103 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 22-ноябры
Бахпурбек АЛЕНОВ

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!