ДЕМОКРАТИЯ КЫРГЫЗДЫН КАНЫНДА

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов «Human Rights Watch» Европа жана Борбор Азия бөлүмүнүн директору Хью Уильямсон менен жолугушту. Эдил Байсалов жолугушууда «Кыргыз Республикасы демократиялык өнүгүүнү, Конституцияга ылайык адам укуктарын сактоону жана коргоону, ошондой эле адам укуктары жаатындагы эл аралык милдеттенмелерди аткарууну жактайт» деп билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун жана адам укуктары жаатында кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды.