Депутаттар айрым мамлекеттик ЖМКларды жоюу керектигин айтышты

Бүгүн, 1-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндөгү” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Талкуу маалында депутат Балбак Түлөбаев  расмий тилде көрсөткөн канал ачууну сунуштаса, депутат Дастан Бекешев каржыны үнөмдөө багытында мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарын реформалап, айрымдарын сатуу керек деген пикирин айтты.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жамангулов эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берип жатып,  “5-канал” жана “Пирамида” телеканалдарын сатууга мүмкүнчүлүк бар экенин айтты. Бирок, ошол эле учурда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн ЖМКлардын болушу шарт деген пикирин билдирди.

Ал эми депутат Нурланбек Шакиев коомдук деп аталып, бирок ошого жараша иш алып барбаган ЖМКларды сындап, мамлекеттин карамагына бир телеканал, бир гезит калтырып, калгандарын жана бардык облустук медиа борборлорду жоюу керектигин билдирди.

Депутат Мирлан Самыйкожо КТРКда 6 канал, 3 радио бар экенин белгилеп: “Бардыгы өз багытында жигердүү иш алып барып жатат. Андыктан, кызматкерлерди кыскартууга негиз жок. Мамлеттик баалуулуктарды, улуттук идеологияны жана бардык багыттагы жаңыланууларды чагылдырып келе жаткан каналдын ишин баалашыбыз керек”, – деди.

Депутат Улан Примов облустук телерадио берүү компанияларын жаңы түзүлө турган улуттук корпорацияга киргизүүнүн зарылчылыгы тууралуу суроо берди. Ага КТРКнын башкы директору Кайрат Иманалиев төмөнкүчө жооп берди:

«Бирдиктүү редакциялык саясат жүргүзүлүп, облустук каналдар өз материалдарын республикалык деңгээлде көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Биздин негизги максаттарыбыздын дагы бири кызматкерлеринин чыгармачылык потенциалын жогорулатуу”, – деди.

Талкуу маалында коомду агартууга, маданий баалуулуктарды жайылтууга жана улуттук идеологияны калыптандырууга багытталган материалдарды даярдоо, маалыматтык бейтараптуулукту камсыздоо тууралуу сунуш-пикирлер айтылып, мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

 

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X